• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун аймагындагы мектептерде акыркы коңгуроо аземи өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Баткен облусунун бардык аймактарындагы мектептерде акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саамалык ошондой эле Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинде салтанаттуу түрдө белгиленип, ага облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн арасынан өлкө келечеги болгон, бардык тармактын мыкты адистери чыгарына ишеничин билдирди.

Ошондой эле саамалыктын алкагында Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинин окууда мыкты ийгиликтерди жараткан алдыңкы окуучулары, аларды тарбиялаган ата-энелери жана мугалимдери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сыйланды.

Белгилей кетсек быйылкы 2021-2022-окуу жылында Баткен облусунун аймагында 3 бүтүрүүчү "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болду. Алар Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинин бүтүрүүчүлөрү - Алмаз Азимов, Жасмин Кумарбек кызы жана Ырыкелди Саитбурканов .

Быйылкы окуу жылында Баткен облусу боюнча жалпысынан 9-классты 8 миң 594, 11-классты 5 миң 647 окуучу бүтүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий