• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча бардык чаралар күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда, анын ичинде Баткен облусу менен чектеш жайгашкан Ош облусунда, Өзбекстанда күн санап коронавирус илдетинин жаңы учурлары өсүп жаткандыгына байланыштуу, облуста коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Акыркы учурда Кыргызстандын өзгөчө абал кирген Бишкек, Ош шаарынан Баткен облусуна келген жарандардын саны кескин түрдө өсүүдө. Бул жарандар негизинен Бишкек, Ош шаарларында эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары болууда.

Өкүл Алишер Абдрахманов санитардык-карантиндик көзөмөл постторун ишин күчтөндүрүү, облуска кирген облустун ар бир тургунун дыкат текшерүүгө алуу жана обсервацияга жайгаштыруу, тез арада район-шаарларда обсервацияга орундарды көбөйтүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле карантиндин талаптарына баш ийбей, негизсиз көчөдө жүргөн жарандарга катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Кечээ 31-мартта, бир күн ичинде Баткен облусуна кирген 146 жаран обсервацияга алынды.

Учурда аймакта дезинфекция жумуштары тынымсыз жүрүүдө. Ал эми жер жерлерде үй карантинине алынган жарандар катуу көзөмөлгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий