• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагына коронавирус илдетинин алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында ӨКМ башчысы Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун аймактары залалсыздандырылды.

20-майга карата ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан дезинфекция иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымат:

Баткен шаардык жана Баткен райондук Өзгөчө кырдаалар бөлүмүнүн куткаруучулары Баткен шаарынын төмөнкү көчөсүнө залалсыздандыруу жумуштарын аткарышты: Сайдыман ажы көчөсүндө жайгашкан автобекетте, борбордук базарда 88 миң погон метр унаа жолуна 4 миң 400 литр сууга 15,36 литр суюк хлор аралашмасы чачылды.

Кызыл-Кыя шаардык ӨКБү тарабынан Караван айылындагы биринчи пост, экинчи пост, Асаналиева көчөлөрүн, 20 миң погон метр аянтка 40 литр суюктук хлор аралашмасы кошулуп, 4 миң 200 литр сууга аралаштырып чачылды.

1. Жалпы облус аймагында унаа жолдорго 120 миң погон метр жерлерге суу хлор аралашмалары чачылган;

2. Облус боюнча жалпы 55.36 литр хлор сарпталды.

Дезинфекциялоо иш-чараларын соода түйүндөрү, азык-түлүк дүкөндөрү, дүң соода базарлары, дарыканаларда, жөө адамдар басуучу жолдордо жана башка эл көп чогулган аймактарында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий