• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Букада катуу шамалдан улам терек үйдү басып калган — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда катуу шамалдан улам терек үйдүн чатырын басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жой-Белент айылында 16-июль күнү саат 20:00дөр чамасында катуу болгон шамалдын кесепетинен улам турак үйдүн үстүнө терек кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук башкармалыктан бир офицер жана үч куткаруучу тартылган.

Тактоо иштеринин натыйжасында Дуулатовго таандык турак үйдүн чатырына үч даана терек кулап калгандыгы аныкталып, жергиликтүү тургундардын бир экскаватору тартылып, теректер коопсуз жайга түшүрүлгөн.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий