• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө “Арсенал” аталышындагы рейд өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Ысык-Көл ОИИБдин демилгеси менен 12-март күнүнөн баштап мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды аныктоо жана ок атуучу куралдарды колдонуу аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы рейд өтүүдө.
Ысык-Көл ОИИБ басма билдиргендей, азыркы учурда облустун ички иштер башкармалыгынын көзөмөлү менен облус аймагында ок атуучу куралдарды колдонгон 3 миңден ашык жаран жашап, алардын жеке колдонуусунда 4 миңге жакын ок атуучу куралдар бар.
Эки күн ичинде милиция кызматкерлери тарабынан 1170 ок атуучу куралдын ээлери текшерилип, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 3 факты катталган.
“Арсенал” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын 50 жаштагы жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда “ИЖ-17” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталган. Ал эми, ушул эле райондун Төрт-Көл айылынын 38 жаштагы жашоочусунан “ИЖ-18 ЕМ-М” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы табылып алынган.
Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын лицензиялоо-уруксат берүүчү тутуму боюнча ага тескөөчүсү Канатбек Сарыгуловдун айтымында, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшырган бир нече факты катталган. Мисалга алсак, Ак-Суу районунун Зындан айылынын 36 жаштагы жана Боз-учук айылынын 33 жаштагы жашоочулары мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырышып, мыйзамдуу түрдө ок атуучу куралдарды колдонуу үчүн уруксат берүүчү документтерди алышкан.
Эки күн ичинде ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин жана каттоо мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу ок атуучу куралдардын ээлерине карата 22 административдик протоколдор түзүлгөн.
Облус аймагы боюнча мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу боюнча 7 факты катталып, ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин жана каттоо мөөнөтүн бузгандарга 4500 сомдун тегерегинде айып пул салынды.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы белгилейт, эгерде жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү жана жардыргыч заттарды жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө өз ыктыярлары менен тапшырышса, административдик жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
“Арсенал” рейди 15-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий