• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында жеке ишкерлик багытында долбоорлор ишке ашат

Аймак 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Ош шаарында жеке ишкерлик багытында долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов кыркка жакын чакан жана орто өнөр-жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушкан.

Жолугушуунун алкагында жеке ишкерлер менен социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы программа жана Андижан облусу менен түзүлө турган "Жол картасы" долбоорунун алкагында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле жеке өнөктөш долбоорун ишке ашыруу максатында сунуш-пикирлер ортого салынды.

Пикир

Оставить комментарий