• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен районуна жаңы аким дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Каланбек Маркаев Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңыдан дайындалган акимди өкмөттүн облустагы өкүлү Акрам Мадумаров жалпы жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалаган.

"К. Маркаевди кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күн мурун кол койгон. Каланбек Маркаев буга чейин "Ошэлектр” ААКнын Баткен областы боюнча атайын өкүлү жана Баткен райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси кызматын аркалап келген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий