• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы майрамдалды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. 9-май Жеңиш майрамы Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана КРнын Вице-премьер- министри Жеңиш Разаков, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилердин жөө жүрүшү менен башталды.

Жетекчилер Баткен шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл чамбарларды коюп, согушта курман болгондорду эскерүү минутасы жарыяланды. Андан соң Улуу Ата мекендик согушта курман болгондордун арбагына багышталып Куран окулду.

Андан соң, ардагерлер түшкөн автоунаалар, жетекчилер, “Өлбөс полк” жүрүшү жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаар көчөлөрүн аралап, Борбордук стадионго жөө барышты.

Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө КРнын Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдер сөз сүйлөп, жалпы Баткен элин майрамдары менен куттукташты.

Жеңиш майрамынын урматына Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.

Ал эми ардагерлер үчүн аскердик сый тамак уюштурулду.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 24 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар.

1941-жылы Баткен облусунан бул согушка 20766 эр азамат аттанган болсо, алардын 14213 кайтпай калган. Ал эми 6553 мекенге кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий