• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарынын мектеп окуучулары кесипке багыт берүү тестинен өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Баткен шаарындагы кесиптик багыт берүү борбору 9-класстын окуучуларына кесипке багыт берүү иш-чарасын уюштурду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мектеп окуучуларына кесипти атайылап тандоонун маанилүүлүгү айтылып, алар кайсы кесипке жакын экенин аныктоо үчүн тест тапшыра алышты.

Уюштурулган оюндар интеллектти, таланттарды, иштин ылдамдыгын, эс тутумун, жалпылоо жөндөмүн жана башка күчтүү жактарын ачууга мүмкүндүк берди. Үч жеңүүчүгө эсте каларлык сыйлыктар тапшырылды.

Азыркы учурда кесипке багыт берүү боюнча борборлор Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатат. Анда бардык каалоочулар эмгек рыногу, кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экендиги жана кайда акысыз кесиптик билим алууга боло тургандыгы жөнүндө кеңештерди ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий