• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Ольга Мануилованын скульптуралык жана графикалык эмгектеринин көргөзмөсү өттү

Маданият 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, айкелчи Ольга Мануилованын 130 жылдыгына карата анын скульптуралык жана графикалык эмгектеринен турган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө Ольга Мануилова атындагы мемориалдык үй-музейинде өтүп, анда 30га жакын скульптуралык жана 10го жакын графикалык эмгектери коюлган.

ш-чарага маданият министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, Музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова, Кыргыз эл сүрөтчүлөрү Дүйшөн Жолчуев, Алексей Каменский, Искусство таануу илимдеринин доктору Байышбек Будайчиев жана бул багытта билим алып жаткан студенттер катышты.

Бактыбек Секимов өз сөзүндө 1939-жылы өкмөттүн чакыруусу менен эл акыны Токтогул Сатылгановдун эстелигинин үстүндө иштөө үчүн Кыргызстанга келип, 45 жылга турукташып калган Ольга Максимилиановна үчүн Кыргызстан экинчи мекени болуп калганын белгилеп, ал бир гана Токтогул Сатылганов эмес, Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асанов, Дүйшөнкул Шопоков, Ташмамат Жумабаев, Чолпонбай Түлөбердиев, Иван Панфилов ж.б. образдарын жараткан чебер айкелчи болгонун айтты.

Ал эми белгилүү сүрөтчүлөр Ольга Мануилова скульптура багытынын Кыргызстанда калыптануусуна жана өнүгүсүүнө эбегейсиз салым кошкон , талыкпай иштөө менен үзүрлүү изденүүнүн үлгүсүн көрсөткөн өз доорунун таланттуу сүрөтчүсү, адамкерчилиги жогору аялзаты болгонуна токтолушту.

Белгилец кетсек, Ольга Мануиловнанын эмгектеринин көбү Кыргызстанга арналган. “Манас” эпосунун каармандарын чагылдырган эмгектери да бар. Анын монументалдык эмгектери Бишкек шаарына көрк кошуп келет. Анын эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде да сакталып келет.

Пикир

Оставить комментарий