• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде акыркы үч айда жол эрежесин бузуу боюнча 10 миңге жакын протокол толтурулду

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Баткенде акыркы үч ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары боюнча 9 миң 814 протокол толтурулган. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- унаага тийиштүү документтери жок айдоо - 182;
- мас абалында унаа башкаруу - 189;
- ылдамдыкты ашыруу - 1 513;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин атайын караңгылатып айдоо - 21;
- коопсуз курун тагынбай унаа башкаруу - 4 080;
- ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузуу - 3 829.

Мындан сырткары, 480 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий