• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында Кыргызстандын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Мэриядан билдиришкендей, сыйлоо аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров катышып, спортчуларга жаңы ийгиликтерди багындыруусун каалашты.

Ошондой эле өткөн жылы эл аралык мелдештерде бир топ ийгиликтерге жетишкен 26 спортчу, анын ичинен 12 машыктыруучу жана спорттун ардагерлери, Ош шаарында спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын төш белги, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында спортчулар өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий