• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда темир жолчулардын кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында темир жолчулардын кесиптик майрамы белгиленди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, темир жолучуларды кесиптик майрамы менен шаар мэринин орун басары Элдос Таев, “Кыргыз темир” жолу мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Токторбаев куттуктады.

Элдос Таев темир жолчулардын иши түйшүктүү жана жооптуу экендигин баса белгилеп, ден соолук каалады жана алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Ал эми ишкана жетекчилиги кызматкерлерди темир жолдо иштеп кеткен эмгек ардагерлерин ардак грамота, төш белги, энчилүү сааттар ыйгарылды. Алар үчүн сый-тамак уюштурулуп, баалуу белектер менен сыйлады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда темир жолчулар күнү 1994-жылдан бери август айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий