• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Үркүн" курмандыктары эскерилди

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын тарыхындагы эң каргашалуу окуялардын бири - "Үркүндүн" 105 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Ага коомдук ишмерлер, 1916-жылдагы окуяны ар тараптуу иликтеп жүргөн жарандык активисттер катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Бейшенбек Абдыразаковдун айтуусуна караганда, алар тарыхтын бул барактарына баа берүү үчүн 90-жылдары 1916-жылдагы окуяларды изилдөөнү активдүү көтөрүп чыгышкан.

Изилдөө иштери Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Асылбаш айылында, Боом капчыгайында жана башка жерлерде жүргүзүлгөн.

"Биз ал жылдары изилдөө иштерин активдүү жүргүздүк. Каргашалуу окуялар болуп өткөн жерлерде таштан атайын белгилерди коюп, материал топтодук. Кийинчерээк "Үркүн" окуясы кеңири изилденсин, атайы баа берилсин деп ошол учурдагы бийлик башчыларына көп ирет кайрылдык, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ага карабастан, биз активисттер өзүбүз карадат чогултуп каргашлуу окуянын 90 жылдыгына карата Боом капчыгайынын ичине окуяда курман болгондорго эстелик орноттук. Кийин өзүм Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде, "Үркүн" окуясын эскерүү боюнча атайы токтом иштеп чыктым. Ошондон бери жыл сайын август айынын биринчи жумасында "Үркүндө" каза болгондордун элесине арнап иш-чара өткөрүп, Куран окуп турабыз", - деди ал.

Абдыразаков бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынарын кошумчалады.

"Резолюция "Үркүндө" курман болгондорду эскерүү, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөйт. Анда биз "Үркүн" окуясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана Бишкек шаарында эстеликтерди орнотууну сунуштап жатабыз. Ошондой эле мектеп жана жогорку окуу жайларда атайы ачык сабактарды өткөрүү сунушун киргиздик. Мындан тышкары, "Үркүнгө" байланыштуу көркөм кинотасмаларын тартуу, китеп чыгаруу демилгелерин көтөрүп, айтылуу режиссер Дооронбек Садырбаевдин "Кайран эл" аттуу көркөм тасмасын телеканалдар аркылуу көрсөтүүнү бекиттик. Эсиңиздерде болсо, бул чыгарма убагында теледен көрсөтүлгөн эмес. Баса белгилеп кетчү дагы бир жагдай, биз дегиле кыргыз улутунун чыгаан инсандарын, баатырларын, алардын өлкө үчүн кылган иштерин кеңири изилдеп, элге жайылтуу маселесин көтөрүп жатабыз", - деп Бейшенбек Абдыразаков сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий