• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ берүү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрь күнү саат 11:00дөн 17:00гө чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу шаардын Б.Осмонов, Тоголок Молдо, Кыргыз Республикасы, Манас, Железнодорожный, Мамыр Баатыр, Кашкин, Маяковский, Тургенев, М.Элебаев, Артиллерийская, Белинский, Навои, Шопоков, Фурманов, Сарчибаева, В.Андреев, Шевченко,Ташкент, Ленинград, Матросов, Тайгараев көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий