• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоо эчки, каман, аюу — Беш-Арал коругунда фотокапканга түшүп калган жаныбарлардын сүрөтү

Аймак 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Чаткалдагы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапканга бир нече жаныбар түшүп калган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы алардын сүрөттөрүн жарыялады.

Сүрөттө тоо эчкилерин (Кемин участкасы), каман, аюу жана ак илбирсти (Арап, Баркырак участкалары) көрүүгө болот.

Сүрɵттɵр 2023 жылдын ноябрында тартылган.


Маалымат үчүн: Беш-Арал мамлекеттик коругу — Чаткал тоосунун түндүк батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. Башка жерлерде кездешпөөчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн мамлекет коргоого алган аймак.

Аянты 107801,3 миң га, түндүктөн түштүктү карай орточо 48 км, чыгыштан батышты карай 75 км созулуп жатат. Эң бийик жери деңиз деңгээлинен 3760 м, эң жапыз жери 940 мди түзөт. Коруктун административдик борбору Жаңы-Базар айылында жайгашкан. Корук аймагында шалбаалуу талаа, саздуу, шалбаалуу жерлер (66 миң гадай) бар. Токой жана сейрек токой 30 миң ганы ээлейт. Коруктун ичинде беде жана көптөгөн өсүмдүктөрдүн түпкү аталары өсөт. Алардын 17 түрү Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине кирген. Өсүмдүктөрдүн 20 %, Батыш Теңир-Тоонун, 80 % Орто Азиянын эндемиги болуп саналат. Өсүмдүктөрдүн 300 дөн ашык түрү, а.и.сейрек кездешүүчү 30 түрү өсөт. Талааларда аюу чач, шашыр басымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, чекенди, кызылот, кымыздык ж.б.да өсөт. Дарак өсүмдүктөрдөн арча, карагай, бадалдардан мисте, суу жээктеринде терек, тал, кайың, бөрүкарагат, итмурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж.б. кездешет.

Пикир

Оставить комментарий