• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, суициддин жана түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында тынымсыз профилактикалык иштер алып барылууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтсак Таш-Көмүрдө "Өспүрүм түн" аталышындагы рейд өткөрүлүп, коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, парк жана башка көңүл ачуучу жайлар текшерилип, чоңдордун коштоосу жок жүргөн 11 өспүрүм бала аныкталган. Алар Таш-Көмүр ШИИБдин имаратына жеткирилип, ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, ИИОнун профилактикалык каттосунда турган жаш өспүрүмдөр менен тиешелүү иштер алып барылган.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу багытындагы жумуштар Жалал-Абад шаардык жана Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан да жүргүзүлдү.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды жана топтошуп мушташууларды болтурбоо максатында ата-энелер менен жыйындар уюштурулду. Анда кылмыштуулукка бөгөт коюуда милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий