• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо планын иштеп чыгууну тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тез арада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун конкреттүү планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-мартта өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде өкүл тийиштүү кызматтарга күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарынын бааларын төмөндөтүү үчүн натыйжалуу иш пландарды түзүү тапшырмасын койду. Аны менен катар бул багытта жергиликтүү бийлик жетекчилери да күчөтүлгөн тартипте иштеши керектигин айтты.

Анда баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себеби, азыктардын басымдуу бөлүгү сырттан импорттолоору белгиленди. Облус башчысы бааны төмөндөтүү үчүн күн карама жана башка айыл чарба азыктарынын айдоо аянттарын азыртадан кеңейтүү керектигин белгиледи. Ал үчүн айыл чарба кооперативдери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалдан чыгуу жолдорун аныктоону милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий