• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде каналга агып кеткен эки кыздын бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кадамжай районунун Бак айылындагы Лаган каналына 6-август күнү 2 кыз агып кеткендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кыздардын өздүгү такталууда.

Сууга агып кеткен кыздардын бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Экинчи кызды издөөгө саат 17:38де 8 куткаруучу тартылган. Жергиликтүү тургундар саат 18:14тө экинчи кыздын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий