• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде медреселер аралык спорттук таймаш өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол жана волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Баткен облусундагы футбол федерациясынын башчысы Айбек Ражапов, казыят кызматкерлери, шаар-райондун баш имам хатибдери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан жалпы 12 команда катышты.

Спорт оюну Момунали Калматовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүп, жыйынтыгында футбол оюну боюнча 1-орунду Баткен районундагы “Нур” Куран жаттоо медресеси, ал эми волейбол оюну боюнча 1-орунду Лейлек районундагы «Таир» медресеси ээледи. Оюнда жеңген командаларга уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер жана кубок тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий