• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун райондорунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Кечээ, 20-январь күнү Ош облусунун райондорунда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жана 2022-жылга карата милдеттери жөнүндө маселе каралып, жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өткөн иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышты.

Кеңешмеде 2021-жылы аткарылган жумуштар, бардык тармактагы жетишкендиктер жана кемчиликтер, райондордогу көйгөйлөр айтылды.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов район, айыл өкмөт жана мекеме ишканалардын жетекчилерине 2022-жылы аткарыла турган жумуштар боюнча жана ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарга жакшы мамиле кылуу, алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү тапшырмасын берди.

"Урматтуу айыл өкмөт башчылары. Сиздерге ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарга жакшы, сылык мамиле кылгыла. Алар сиздерге жөн келбейт, бир көйгөй менен кайрылат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарга корс мамиле кылат деп кайрылып жатышат. Мындай көрүнүштөрдү токтотуңуздар. Биз жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечип, сылык мамиле кылышыбыз керек", - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы айыл чарба, сугат суу маселеси, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий