• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу жолдо кар күрткүсү пайда болуп, 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калган

Аймак 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. 5-февраль күнү саат 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болуп, анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүлөрү менен жолдо калып кетишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жерине куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 00:26да жолдогу кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган.

Ал эми 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында жайгашкан 2 мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий