• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде милиция кызматкерлери ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Баткенде милиция кызматкерлери ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында Баткен райондук милиция кызматкерлери менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, КР президенти Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды. Ак-Татыр айылынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна Ак-Татыр айылынын өкмөтү, мечиттин имам хатибтери жооп берди.

Жергиликтүү тургундар бул жарыкты колдоорун билдиришип, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы” деп билдирип өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий