• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулук районунда “Ууру” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 10-мартына чейин Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштарын алдын алуу боюнча “Ууру” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынан, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ,ошондой эле Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышты.

"Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы жаңы конуштарда жашоочулардын басымдуу бөлүгү жашагандыктан ошол аймактарда милиция кызматкерлери рейд иштерин улантышууда. Иш-чара учурунда 100дөн ашык жашоочу текшерилди. Алардын ичинен мурда соттолгон 26, жаза мөөнөтүн өтөп келген 20, ар дайым спирт ичимдигин колдонгон 8, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча каттоодо турган 18, ошондой эле ок атуучу курал-жарак сактаган 35 жаран текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан 85 жаран ички иштер органдарынын имараттарына жеткирилип, 60тан ашуун жарандан дактилоскопиялык кол издери алынган. Андан сырткары, кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча 400дөн ашык эскертме кагаздары жашоочуларга, тейлөө көрсөтүүчү имараттарга жана соода-сатык жайларына берилди.

Сокулук районунун аймагындагы орто мектептерде уурулук кылмыштарын болтурбоо боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жогорку класстын окуучуларына сабактар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий