• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде милиция кызматкерлери кесипкөйлүгүн жогорулатышты

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Баткен облусунда милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулаткан окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин билим деңгээлин, иштөө ыкмасын окутуу жолу менен жогорулатуу жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулган окутуу облустук милициянын начальниги Мурат Бороновдун демилгеси менен өткөрүлдү.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан милицияларга КР президентинин жарлыктарын, мыйзамдарды, Ички иштер министрлигинин ички буйруктарынын талаптарын, кесиптик этика кодексин окутуп, кызматтык күжүрмөн даярдыктарын текшерди.

Ошондой эле ар бир кызматкердин кийип жүргөн кызматтык формасын, кызматтык күбөлүктөрүн бир катар текшерүүдөн өткөрүлдү.

Окутуунун соңунда милицияга элдин ишенимин арттырууда, кызматкерлер коррупциялык жолдордон оолак болууга, катталган арыздарды өз убагында чечүүгө, жүрүм-турум эрежелерин так сактоо боюнча окутуу сабактары өткөрүлүп,

Соңунда кемчиликтери бар кызматкерлер боюнча тиешелүү район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерине кошумча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий