• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мыйзамсыз алынып келген спорттук кийимдер кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Баткенде мыйзамсыз алынып келген спорттук кийимдер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан белгилешкендей, спорттук кийимдерди Кыргызстандын С.А.С аттуу жараны алып келе жаткан.

"Анын унаасын текшерүү учурунда баасы 3 млн 878,6 миң сомдук спорттук кийимдер табылган. Айдоочу алынып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий