• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Баткенде бүгүнкү Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Майрамдык иш-чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда сүмөлөк ачуу аземи менен башталды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар сүмөлөк ачып, кыргыз элине тынчтык, аманчылык, өнүгүү каалап, бата кылышты.

Андан соң жетекчилер кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсү менен таанышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Нооруздун маани маңызы тууралуу театрлаштырылган көрүнүш тартууланды.

Иш-чарага Өзбекстандын Сох жана Рыштан райондорунан коноктор да катышты. Майрам концерттик программа менен уланды.

Бул күнү облус борборунда майрамдын урматына улуттук спорт оюндары өттү: көк-бөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөшү.

Пикир

Оставить комментарий