• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде эмдөөдөн өткөн балдардын абалы жакшы

Коом 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Баткен шаарындагы №3-мектептин окуучуларына берилген эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу облус администрациясынан кабарлашты.

Учурда балдардын бирөөсү гана ооруканада. Калгандарына амблатордук жардамдар көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген.

Ооруканага түшкөн балдардан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова кабар алып, тийиштүү медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек эмдөө 11 жаштагы 73 окуучуга жүргүзүлүп, анын 10 эмдөөдөн соң өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылган болчу. Учурда болуп өткөн окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий