• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин прокурорунун өлүмүнө шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, дагы бир иш козголду

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип жаткан Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“Жол коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу” беренеси менен киши өлтүрүү фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун “Кабар” агенттигине Баткендин ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин кылмыш иши “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча ачылган.

Маалым болгондой, облустун прокурорунун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган.

Пикир

Оставить комментарий