• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон: Коткор айылында 43 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 06.05.23./Кабар/ Базар-Коргон районунун Коткор айылында 50 орундуу жаңы бала бакчанын имараты курулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 43 млн 331 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы учурда пайдубалы бүткөрүлүп, имараттын дубалы курулууда.

Облус башчысы бул аракет жергиликтүү тургундарга шарт түзүү, жаш муундардын татыктуу тарбия алуусуна көрүлгөн камылга экенин билдирип, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековдун аймактагы тургундардын көйгөйүн чечүүдө кошуп жаткан салымын белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар айылдагы эскилиги жеткен Т.Исманов атындагы негизги билим берүү мектебин жаңылоо муктаждыгы бар экенин билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл мекеменин имаратын жеринен көрүп чыгып, келээрки жылдагы курулуштардын титулдук тизмесине кошуу аракети көрүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий