• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжай: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 12-июлда саат 20:40та Исфайрам дарыясына 10 жаштагы Т.А., аттуу бала агып кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге келип түшкөн.

Куткаруу иштерине 12 куткаруучу тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 13-июлда саат 15:00дөр чамасында 10 жаштагы баланын сөөгү табылды.

Пикир

Оставить комментарий