• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Ош облустук архитектура башкармалыгына жана "Кадастр" ишканасына барды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. 15-февралда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы филиалына барды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында мэр калкка кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүү, ошондой эле көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл бурду.

Калаа башчы архитектура башкармалыгынын шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жаңы долбоорлору менен таанышып, анда өзүнүн бир катар демилге, сунуштарын айтты.

Мэр калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, тийиштүү документтерди жана керектүү маалыматтарды алууда жарандар үчүн жеңилдик жаратууга көңүл бурууну тапшырды.

Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 2008-жылдан бери "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштей баштаган. Күн сайын 100дөн ашык жаранга маалыматтык-консультациялык кызматтар көрсөтүлөт. Учурда башкармалык тарабынан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Бирдиктүү терезе" кызматын күчөтүү, башкарууну модернизациялоо жана санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жарандар документтерди иштеп чыгууда арыз ээсине берилүүчү QR-коддор аркылуу “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө берилген арыздардын (документтердин) жыйынтыктары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ал эми "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы 2002-жылдан бери "Бирдиктүү терезе" принцибинде иштеп келет. Анын алкагында жарандарды 9 терезе тейлеп, кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасы жолго коюлган. Бул жайга күнүнө 300-350 кайрылуу келип түшүүдө.

Эки мекемеде тең архивдик материалдарды санарипке өткөрүү, калкка кызмат көрсөтүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүү иштери 100%га аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий