• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргон районунда жаңгак фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Базар-Коргон шаарынын борборунда “Жашыл экономика өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы жаңгак фестифалы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалган КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Жанысак Сатыбалдиев, иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, токойчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Фестифалда жаңгак токой аянттарын кеңейтүү, сактоо жана өндүрүлгөн түшүмдү кайра иштетүү, экспортун көлөмүн жогорулатуу маселелери тууралуу сөз болду.

Облус башчысы жаңгак токтойлору чоңоюп, түшүмгө келгенче көптөгөн жылдар кеткендиктен, кайдыгер жарандардын айынан орун алган мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотуу зарылдыгын белгиледи.

“Азыркы учурда глобалдуу проблемалардын бири бул – экология. Климатты сактоо, коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоодогу кечиктирилгис чараларды көрүү.

Бул маселени өлкө башчыбыз Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясында да баса белгиледи. Мына ушундай көйгөйлөрдөн арылууда сөзсүз түрдө жарандарыбыздын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл. Бул албетте жалпыбыздын биргелешкен аракеттерибизге көз каранды.

Жалал-Абад облусунун аймагында Кыргызстандагы эң чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын жалпы аянты 38 миң гектардан ашат. Жаңгак маңызы экзотикалык азык гана болуп саналбастан, адам баласынын ден соолугуна пайдалуу, табылгыс дарылык касиетке ээ", – деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Белгилей кетсек, фестиваль жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген. Ал аймакта өндүрүлгөн жаңгак азыгын даңазалоо, жергиликтүү калктын киреше бөлүгүн арттыруу менен токой чарба жаатындагы көйгөйлөрдөн арылуу максатын көздөйт. Иш-чарага ондон ашуун эл аралык уюмдар көмөк көрсөткөн.

Кыргызстанда 44 миң гектар жаңгак токой аянты бар. Алардын 38 миң гектардан ашууну Жалал-Абад облусунда. Өткөн жылы облуста 1386,4 тонна жаңгак экспортко чыгарылып, анын жалпы суммасы 1586,1 миң долларды түзгөн. Ал эми 2021-жылдын 9 айында 1463,3 тонна жаңгак экспорттолду.

Пикир

Оставить комментарий