• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргон районунун борбордук аянтындагы балаты өрттөнүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарында - 1, Чүй облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү короолордун биринде “Рено” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Ак-Суу айылында жайгашкан №1 орто мектебинин 3-кабатында 1 чарчы метр кагаздар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы борбордук аянтында 1 чарчы метр кооздолгон балаты күйгөн. Өрттүн электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий