• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо 2,5 млн сомго футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Базар-Коргон районунун Турпак-Коргон айылында футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдириши.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Спорт аянтчага жергиликтүү бийлик 10 сотых жер тилке бөлүп берген, курулуш иштерине 2 млн 450 миң сом акча каражаты сарпталды. Анын 450 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 1 млн 500 миң сому демөөрчү тарабынан, 500 миң сом акча каражаты өздүк салым катары берилген.

Облус башчысы спорттук аянтчанын курулушу менен жаш муундарды сергек жашоого үндөөгө жакшы шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылында 177 кожолукта миңден ашуун адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий