• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейинки жыйындын протоколунун пункттарынын аткарылышы боюнча маалымат угулуп, БУУнун келишимдик органдарынын сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп эсептөө жөнүндөгү Жобонун экспертиза жүргүзүү бөлүгүндө, тагыраагы жаза өтөө жайларындагы жарандар боюнча өзгөртүү киргизүү маселеси каралды.

Жыйындын соңунда Эдил Байсалов каралып жаткан маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий