• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 4-апрелде издөө иштерин улантуу максатында 15 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.

Натыйжа болгон жок

Пикир

Оставить комментарий