• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол 150 жылдыгын белгилеп жатат (программа)

Аймак 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-июль күнү Каракол шаарына 150 жыл толуп жатат. Аны утурлай шаардын Ч. Айтматов атындагы аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдиргендей, майрамдын программасында бир топ иш-чаралар каралган.

"Учурда уюштуруу иш-чаралары аткарылууда. Майрамдык иш-чаралар 16:00дө башталып, түнгө чейин уланат. Этнофестиваль өтүп, боз үй сынагы болот, манасчы, төкмө акындар өнөрүн тартуулайт. Ошондой улуттук оюндар көрсөтүлөт. Ашлямфу-fest үчүн ашпозчулар 1,5 тонналык ашлямфу жасай башташты. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана жарманке өтөт", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, майрамдык иш-чарага шаарда жашаган 40 диаспоранын өкүлдөрү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Андан тышкары концертке Атай Өмүрзаков, Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев жана Аяна Касымова катышышат.

Пикир

Оставить комментарий