• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн дарыясына чөккөн 26 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна чөккөн 26 жаштагы Б.С., аттуу баланын сөөгүн туугандары табышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, анын денесин бүгүн болжол менен саат 13:40та туугандары табышкан.

Мындан мурда министрлик, кечээ жаш жигит сууга чөккөндүгү тууралуу билдирген. Аны издөөгө 29 куткаруучу тартылып, издөө иштерине туугандары да көмөктөшүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий