• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда эт кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Казакстанда эт кымбаттады. Соодагерлер буга тоют баасынын жогорулагандыгы себеп болгонун билдиришүүдө. Расмий маалыматтар боюнча акыркы кездери Казакстан уйдун, койдун жана чочконун этин көбүрөөк экспорттой баштаган.

Алматы облусунун Жетыген айылындагы мал базардагы соодагерлер быйыл баалар кескин жогорулаганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, ошол эле маалда андагы малдын көбү арык жана союуга жарабайт.

«Азыр базарда сатыкта мал аз. Анткени жайыттагы мал салмак кошо элек. Жакшыларынын баары байлап семиртилгендер. Андыктан алардын баасына тоюттун, чөптүн баасы дагы кошулууда», — деди соодагерлердин бири.

Алматыдагы Жашыл базарда акыркы айларда эттин баасы кыйла кымбаттады. Өзүн Жанар деп тааныштырган келин базарга эт аз алынып келинип, анын баасы кымбат болуп жатканын билдирди.

«Азыр жылкы жана уй эти Орусия менен Кытайга экспорттолууда. Ошондуктан эт кымбат болуп жатат окшойт. Кымбат эт көп сатылбайт экен, азыр сатып алгандар мурдагыдан аз», — деди ал.

Жашыл базарда уй этинин килограммы 1 600–2 000 теңгеден ($4-$5), жылкыныкы – 2 200–3 000 ($6-$8), койдуку 1 800-2 000 теңгеден ($5) сатылууда.

13 жылдан бери этти дүңүнөн сатып иштеген Саяхат Асимхан Орусияга, Иранга жана Кытайга эт сатыла баштагандан бери Казакстанда баалар кескин жогорулап кеткенин белгиледи.

Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Казакстанда миллион тоннадан ашык эт өндүрүлсө, алардын 480 миң тоннасын уйдун, 150 миңден ашыгын койдун, 20 миң тоннасы эчкинин, 86 миң тоннадан ашыгы чочконун, 126 миң тоннасы жылкынын, 192 миң тоннасы тооктун жана 6,5 миң тоннасы төөнүн эти болгон.Ф

Пикир

Оставить комментарий