• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Биримдик конушунда турак үйдүн бөлмөсүнүн 65 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылында короодо жыйылган 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий