• 88.68
  • 95
  • 0.95

2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. 2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш иштеринде болгон материалдарынын алкагында 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргызстандын жараны Г.Т.У. кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.

Ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Р.А. аттуу жаранынын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон.

Р.А.нын жашаган жеринде тинтүү учурунда 6,5мм калибрлүү 1 - “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 - 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий