• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкордо эки унаа кагышып, жети адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак — Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында (Лахол айылы) Subaru Forester жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалары сүзүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий