• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарыгер, ветеринарлардан турган ыкчам топ Ак-Сайга жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын ички чарбалык жолдору 19-март күнү, Өзгөрүш айылынын жолдору 20-март күнү кар күрткүдөн тазаланды. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Ал эми кечээ, 21-мартта жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Н.Аалиев, ветеринардык дарылоо борборунун башчысы К.Мааданбеков, райондук айыл-чарба департаментинин башчысы О. Чубаков, ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкелеринен турган топ Ак-Сай өрөөнүндөгү малчыларга жөнөп кетишти. Алар биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктөрдү, медициналык дары-дармектерди алышты. Аталган топ кыштоолордогу малчылардан кабар алып, ошондой эле тоют жүктөлүп, жолдун ачылуусун күтүп турган автоунааларды тамак-аш, күйүүчү май менен камсыз кылышат.

Ак-Сай өрөөнүнө тоют жеткирүү үчүн кеткен 18 автоунаанын 6 (алтоосу) тоюттарын кыштоолоруна жеткирип кайтышкан. Жергиликтүү бийлик тоют ташып бара жаткан 11 автоунаадагы 32 адамды 18-мартта жана 22-мартта, жалпы 28 миң сомго, азык-түлүк менен камсыздады.

21-мартка карата Торугарт-Көк-Кыя жолунун 79 чакырымы кар күрткүсүнөн тазаланды. Тазалоо иштери уланууда.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ак-Сай өрөөнүндө.

Эске салсак, 12-14-мартта Ат-Башы районунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ак-Муз, Өзгөрүш айылдарынын айрым көчөлөрүндө кар күрткүсү топтолуп кыйынчылык жараткан. Ал эми Торугарт-Көк-Кыя-Кында унаа жолунда дагы кар күрткүлөрү пайда болуп, Ак-Сай өрөөнүнө жол каттамы жабылган.

Пикир

Оставить комментарий