• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Студенттер жана окуучулар арасында “Жаштын тилегин берет” видеосынагы өтөт

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен “Кыргыз мырзалары” коомдук фондусу биргеликте “Жаштын тилегин берет ” видеосынагын өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган сынак кыргыз элинин кылымдарды карыткан изги, аруу тилектерин Жогорку окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары арасында жигердүү жайылтуу, алардын чечендик, жамакчылык жөндөмдөрүн колдоо, ата-бабаларыбыздын эл-жер үчүн айтылган тилектерине экинчи өмүр берүү менен жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу максатында уюштурулууда.

Сынакка 2017- жыл кыргыз элине, жерине жакшы жыл болуусун суранган тилектер менен өзүнүн дүйнө таанымына, кыял чабытына жараша кызыктуу тартылган видео материал менен катыша алат. Видеосынактын негизги талаптарынын бири катары тилектердин чын дилден айтылгандыгы, мукамдуулугу, уккулуктуулугу жана мазмундуулугу каралат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн роликтери телеканалдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу максатында сунушталат.

Сынак тууралуу толук маалымат mamtil.kg сайтында жайгаштырылган. Байланыш телефону: 0312 31-57-73.

Пикир

Оставить комментарий