• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чылым чеккен окуучулардын саны эмне себептен өсүп кетти – адистин жообу

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда “Чоң чылым – кичинекей максаттар” аталышындагы изилдөө жүргүзүштү. Анда, мектеп окуучулары үчүн чылым алуу же сатып алууда эч кандай кыйынчылыктар жаралбай тургандыгы аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө “Ден соолукту коргоо фонду” коомдук фондунун жетекчиси Чынара Бекбасарова маалымдады.

Анын айтымында, иштеп жаткан мыйзам боюнча чылым саткан соода түйүндөрү мектептерден 100 метр алыс аралыкта жайгашуусу шарт. Бирок бизде мындай эмес. Окуучулардын чылым алуу үчүн 5 мүнөт гана убактысы кетет.

“Биз 443 соода түйүнү мектептердин айланасында жайгашканын билдик. Учурдагы мыйзамга ылайык, 100 метр аралыгында чылым каражаттарын сатууга болбойт”, - деди ал.

Мындан тышкары, ал насвайдын кенен тарап жатышына басым жасады.

“63% убакта эскертүүсүз, санитардык сертификаты ж.б. жок эле насвай сатышкан. Аны чылымдын бардык түрүнө кошууга жана көзөмөлдөөгө болот. Насвайга таптакыр тыюу салуу керек. Көрүлгөн иш-чаралар анча натыйжалуу болгон эмес. Ошол көрүлчү иштердин комплекси болушу керек. Эмне себептен аткарууга кыйын, анткени ага карама-каршы келген башка мыйзам бар. Көзөмөлдөөчү органдардын укугу чектелген”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий