• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Сузакта жалгыз бой энеге үй куруп берди

Аймак 0


Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну Гүлшайыр Ташполотова үй куруп берди.

УТРКнын сюжетинде айтылгандай, жалгыз бой эне Гүлшайыр Ташполотова тилсиз жоонун кесепетинен үйсүз калган.

Ташполотова эми минтип кайрымдуулуктун арты менен салынган өз үйүндө элден бата алып, жакындары менен жакшылыгын тең бөлүшүп олтурат.

Пикир

Оставить комментарий