• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23./Кабар/. Ош шаарында баңгизаттарды жана психоактивдүү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу күн мурун Ош шаардык мэриясында өткөн жуиушчу кеңешмеде айтылды.

Ош шаардык прокуратурасынын демилгеси менен менен иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу, Ош шаардык прокуратурасынын ага прокурору Самат Жунусов, шаардык мэриянын кызматкерлери жана муниципалдык аймактын башчылары катышты.

Жыйындын алкагында Самат Жунусов, калктын, айрыкча жаштардын арасында синтетикалык баңги заттардын жайылышына каршы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана күчөтүү маанилүү экенин айтып, бул багытта кварталдык комитеттер, укук коргоо органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүү зарылдыгын белгиледи.

Буга байланыштуу баңги заттардын жайылышын алдын алуу боюнча кызматташууну жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер айтылды.

Белгилей кетсек, аталган кеңешме Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 16-майындагы №4-к «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды кабыл алуу жөнүндө» буйругунун негизинде, 2023-жылдын май-июнь айларында баңги зат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү иш-чараларынын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий