• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери жанданды

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери жанданды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы М.Ф. аттуу тургунун издөө иштери бүгүн, 16-майда кайрадан башталды.

"Дайынсыз болгон мектеп окуучусунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Жерине Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө жумуштарын алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, М.Ф. 31-марттан тарта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен.

Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий