• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы 126 кайрылуу кабыл алган

Аймак 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Базар-Коргондо милициянын көчмө кабылдамасы 10 ай ичинде 126 кайрылуу кабыл алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүп келүүдө. Ошондой эле район аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу багытында түшүндүрүү жумуштары алып барылууда. РИИБдин жетекчилик курамынан турган топ, милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аралап, жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары кабыл алынууда.

2020-жылдын 10 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 110 жолу район аймактарына чыгып, элден 126 ар түрдүү маселелер боюнча кайрылуулар түшкөн. Анын ичинен 40 кайрылуу коопсуздук боюнча, 86 кайрылуу короновирус илдетине байланыштуу болгон. Кабыл алынган арыз-даттануулар тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдетке байланыштуу буга чейин дыйкан базарына, соода дүкөндөрүнө киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлгө алышууда.

Пикир

Оставить комментарий